Бишкекте тайгактыктан жабыркагандардын алгачкылары дарыгерлерге кайрылууда

Бишкекте тайгактыктан жабыркагандардын алгачкылары дарыгерлерге кайрылууда. Ордо калаанын травмпункттарына 3 күндүн ичинде 43 адам кайрылды. Бул тууралуу 24 агенттигине Медициналык-кеңеш берүү кызматтары  жана спорт медицинасы борборунун директору Сагындык Айтбаев билдирди.

 

Жабыркагандардын арасында сөөгүн сындырып, этин чоюп алгандар бар.

 

Дарыгерлер жарандарды тротуарларда абайлап, муз жок жерден басып, таманы сыйгалак бут кийимдерден баш тартууга чакырат.