Луи Виттон Моет Шандон компаниясынын баасы 500 миллиард долларга жетти. Муну менен бренд Кытайда люкс товарларын сатуу көрсөткүчү өскөнгө жана евро курсунун бекемдешине байланыштуу байыган биринчи европалык компания аталды, — деп жазат Bloomberg.
Компаниянын капиталы жогорулаган сайын, дүйнөнүн эң бай адамы деп аталган Бернар Арнонун жеке көрсөткүчү дагы жакшырууда. Учурда бренддин негиздөөчүсү жана башчысы 212 миллиард долларга ээлик кылат.