Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борбор курулат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борбор курулат. Экономика министрлигинен билдиришкендей, долбоорду Дүйнөлүк банк 50 миллион долларга каржылайт.

 

Белгилүү болгондой, ишкананын жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Анда 3 миң тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн 12 муздаткыч камера орнотулат.