Сугат мезгилине даярдык көрүү үчүн 117 миллион сом сарпталды

Кыргызстанда сугат мезгилине даярдык көрүү үчүн 117 миллион сом сарпталды.

24 агенттигине Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, ведомство жүздөгөн чакырым суу түтүктөрүн оңдоп, тазалашты.

Гидротехникалык курулуштарды, насостук станцияларды жана скважиналарды ремонттоо да жүргүзүлдү.

Адистердин алдын ала болжолдоосуна ылайык, быйылкы жылдын вегетация мезгилине республиканын дарыяларында суунун көлөмү нормадан төмөн болушу күтүлүүдө.