Темир Сариев Соода-өнөр жай палатасына төрагалыкка шайланды

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтүп, көпчүлүк добуш менен мурдагы премьер-министр Темир Сариев шайланды.

Шайлоо маалында дагы бир талапкер, INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов өзүнүн программасы менен тааныштыргандан кийин бул уюм «жаңы пикирлерге, жаңы ойго жана жаңыланууа даяр эмес» деген ойго келгенин айтып, жыйындан кетип калды.

Төрагалык үчүн “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев да ат салышкан, бирок ал добуш берүүгө чейин эле өз эрки менен талапкерлигин алып салган.

Шайлоого жалгыз гана Сариев катышкандыктан добуш берүү ачык өттү.

Эрежеге ылайык, эки же андан көп талапкер катышканда добуш берүү жабык болмок.

Өткөн аптада палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен үчөөнү жактырган.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Бул органдын регламентине ылайык, талапкер болуп палатада буга чейин мүчө болуп келген, экономикалык чөйрөдө жана мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам каттала алат.

Соода-өнөр жай палатасы — ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм.

Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт.

Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат.

Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар.