Мигранттардын акча которуулары 19 пайызга азайды

Мигранттардын акча которуулары 19 пайызга азайды. Улуттук банктын төрагасы Токунбек Абдыгуловдун айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү.

 

Бул былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 19 пайызга  аз. Которуулардын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт деди, — деди Абдыгулов.