Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмсүз жеткирүүгө уруксат берди

Евразия экономикалык комиссиясы Кыргызстанга кумшекерди бажы төлөмсүз жеткирүүгө уруксат берди. Комиссиянын чечимине ылайык, жеңилдик үстүбүздөгү жылдын 15-майынан  30-сентябрына чейин күчүндө болот.

 

Кыргызстанга 40 миң тонна, Арменияга   22 миң тонна, Казакстанга 134 миң тонна, Россияга   350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

 

Белгилеп кетсек, учурда ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө кумшекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.