“Кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине бериле турган компенсациянын суммасы көбөйтүлдү

“Кызыл зонада” иштеген медицина кызматкерлерине бериле турган компенсациянын суммасы көбөйтүлдү.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирет.

Анын айтымында, буга чейин “кызыл зонада” иштеген дарыгерлер күнүнө 2,5 миң сомдон алышса,

учурда бул сумма 3 миң сомду түзөт. Орто медперсонал 2,5 миң сом алса, кичи кызматкерге

2 миң 300 сом берилет. Каратаев белгилегендей, дарыгерлер арасында ковидди жуктуруу жана

андан каза тапкан учурлар боюнча комиссия иш алып барат.