Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик кассалык-көзөмөл аппараттарын акысыз тапшырууда

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик кассалык-көзөмөл аппараттарын акысыз тапшырууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз берилип жатат. ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

 

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө кассалык-көзөмөл аппараттарын 54 миңден ашык ишкер колдонууда.