Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт

Калкты тейлөө борборлорунда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйөт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Бакыт Төрөбаев билдирди.

Мындай чечимдердин бири катары паспортту даядагандыгы үчүн мобилдик тиркеме аркылуу QR-код менен төлөө мүмкүндүгү саналат.

Кийинки кадам – жарандык абалды каттоо актыларын, транспорт каражаттарын каттоодо, ошондой эле  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айып пулдарды төлөөдө кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөөнү киргизүү болуп саналат.

Бул жаңылыктардын бардыгы жылдын акырына чейин республиканын бардык калкты тейлөө борборлорунда ишке киргизилери күтүлүүдө.