Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында жаңы ФАП ачылды

Нарын районунун Жалгыз-Терек айылында Алтын Акматова атындагы фельдшердик-акушердин пунктун курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФАПтын ачылыш аземине Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, мекеме — ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары катышты.

Белгиленгендей, имараттын курулуш иштери 2021-жылы башталып, ал «Катар» кайрымдуулук уюму тарабынан каржыланып, бүткөрүлдү.

Ошондой эле ушул уюм тарабынан ФАПтын ичине эмеректер сатылып алынган.

Жалпы сметалык баасы 4 млн 300 428 сомду түзөт.