«Мектепке электрондук каттоо системасы» менен кабыл алууга 7 миң билдирме түштү

«Электрондук каттоо системасы» аркылуу балдарды 1-класска кабыл алууга

7 миңден ашык билдирме түштү. Билим берүү министрлигинин маалыматында,

келе жаткан окуу жылында балдарды электрондук түрдө мектепке каттоо

өлкөнүн 6 шаарында ишке ашууда. Ата-энелер, билдирме калтыруу үчүн

mektep.edu.gov.kg порталына катталып, тиешелүү бөлүмдөрдү толтурушу керек.

Каттоо 15-августка чейин уланат. Аталган долбоор былтыр Бишкекте башталып,

анын алкагында 19 миң бала 1-класска кабыл алынган.