Мектептерде карантин азырынча киргизилбейт

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук оорулардын көбөйгөнүнө байланыштуу мектептерде карантин азырынча киргизилбейт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ведомство адистер балдардын сабакка катышуусуна күн сайын мониторинг жүргүзүп жатканын белгилейт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мектепке барбай жаткан окуучулардын саны беш пайыздан ашкан жок.

Эгер бул көрсөткүч 20 пайызга жетсе, ар бир мектепке жана класска тез арада карантин киргизүү маселеси каралат.