Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенция өткөрдү. Бул өлкөнүн башкы каржы мекемесинин жыл башынан берки төртүнчү каржылык операциясы. Мында банк   140 миллион доллар сатты.

 

Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги ыкма катары пайдаланат.