Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кырсыктары боюнча тергөө кызматынын начальниги пара алып жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кырсыктары боюнча тергөө кызматынын

начальниги пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык

кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, тергөөчү эки ай мурда ордо калаада болгон жол кырсыгы

боюнча ишти кыскартуу үчүн миң доллар талап кылган. Авариянын айыпкери

жабырлануучунун чыгымдарын төлөп берип, ал тосмо арыз жазган.

Бирок ага карабай тергөөчү күнөөкөрдөн акча талап кылып, 30 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү.