Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан одоно эреже бузулганы аныкталды

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин

кызматкерлери тарабынан одоно эреже бузулганы аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин атына эреже бузууларды жоюу жана

кызматкерлерге дисциплинардык чара көрүү керектиги боюнча акт жөнөтүлдү.

Мындан сырткары, кызматтык унаа сатып алууда мыйзамсыз негизде бюджеттик каражат колдонулганы,

иштебеген эки айдоочуга айлык чегерилгени жана аларга күйүүчү май

сатып алуу үчүн деп 2 миллион сомго жакын бөлүнгөнү аныкталды.

Ошондой эле «Манас» аэропортуна салынган айыптын суммасын негизсиз түрдө

33 миллион сомго кыскартып коюшкан», — дешти прокуратурадан