Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бардык унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, мунун себеби Нарындын Кубакы ашуусундагы туруксуз аба ырайына байланыштуу.

Аталган ашуунун айланасындагы жолдордо кар калың жаап, каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулууда.

Ошондой эле Чүй облусунун Төө-Ашуу, Талас облусунун Өтмөк жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бел ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына дагы чектөөлөр алына элек.

Ашуулар кардан тазаланып, инерттүү материалдар себилүүдө.