Россия Кыргызстанга грант түрүндө берген 20 миллион доллар быйылкы жылдын бюджет чыгашаларына колдонулат

Россия Кыргызстанга грант түрүндө берген 20 миллион доллар быйылкы жылдын бюджет чыгашаларына колдонулат.

Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев билдирди. Анын айтымында, сумма биздин өлкөгө 30-31-декабрда келип түшкөн.

Учурда акча Улуттук банктын эсебинде сакталуу. Мыйзамга ылайык, колдонулбай калган каражат кийинки жылга калдык болуп өтөт.

Эске салсак, Россия Кыргызстанга берген каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылат,

анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттыкты сактоо тармагы кирет