Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара менен кармалды

Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын 29 жаштагы адиси жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн ишкерден акча талап кылган.

 

Ыкчам-издөө иштеринин алкагында ал колго түшүрүлүп, камакка алынды. Тергөө уланууда.