Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалууда

Москвада мигранттардын санын дагы кыскартуу пландалууда.

Калаа мэри Сергей Собянин райондук коммуналдык кызматтардагы

мигранттардын санын азайтууну тапшырды. Анын айтымында,

учурда коргоо, тазалоо сыяктуу төмөн айлык төлөнгөн мекемелерде

мигранттар бар. Буга чейин Собянин чет элдик жумушчулардын

санын азайтып, алардын ордуна региондордо жашаган россиялыктарды

тартууну тапшырган. Мындай жол менен Москва бийлиги

региондордогу россиялыктарды иш менен камсыздоо ниетинде.