Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунда жайгашкан спорт мектеби ачылды

Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунда жайгашкан Раатбек Санатбаев атындагы

спорт мектеби ачылып, пайдаланууга берилди. Комплекс темир каркастан курулуп,

тургузулду. Анын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашат. Анда 3 ири зал бар – ойноочу,

күрөш үчүн жана машыгуучу. Ачылыш аземде мэр Айбек Жунушалиев билдиргендей,

спорттук комплексте шаардыктар жана аймактардан келген спортчулар машыга алат.

Ошондой эле анда эркектер жана кыздар залы каралды. Мекеменин

коммуналдык чыгымдарын муниципалитет каржылайт.