Бишкектеги мектептер салттуу режимде иштеп жатат.
Буга чейин массалык маалымат каражаттарында айрым билим берүү
мекемелери алдыдагы шайлоого карата аралыктан окууга өткөнү тууралуу
маалымат тараган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт, — деп белгилешти
мэриядан. Белгилеп кетсек, шайлоо тилкелери жайгашкан мектептер гана
29-ноябрда – бир күнгө жабылат. Дүйшөмбүдө анда санитардык тазалоо иштери жүрөт.