Ысык-Көлдө мектептер жана бала бакчалар 11-январда ачылат деп пландалууда

Ысык-Көлдө мектептер жана бала бакчалар 11-январда ачылат деп пландалууда. Бул тууралуу Каракол санэпидем борборунун жетекчисинин орун басары Күлүшкан Тайлакова билдирди.

 

Анын айтымында, аймакта ковидге чалдыгуу көрсөткүчү азаюуда. Ошондой эле, “кызыл аймактар” жабылып жатат. Башкы талап – санитардык нормаларды сактоо. Ал эми мектеп жана бала бакчалардын ачылышы боюнча акыркы чечимди облустук штаб кабыл алат.