Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот

Кочкор районунда жаңы мектеп пайда болот. Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдиргендей, 225 окуучуга эсептелген билим берүү мекемеси Туз айылында курулуп жатат.

 

Учурда иштер 60 пайызга аяктады. Жаңы мектеп колдонууга ушул жылдын декабрь айында берилет деп күтүлүүдө. Сметалык баасы 58 миллион сом. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.