Исмайил Сагыналиев ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды

Исмайил Сагыналиев Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги кызматын аркалап жаткан.
Ички иштер органдарында 2003-жылдан бери кызмат өтөйт. Чүй облустук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматын жетектеген.
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгында дагы ыкчам кызматкер болуп иштеген.
Буга чейин ИИМдин Россиядагы өкүлү болуп Нурлан Жанбаев эмгектенип жаткан.