Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери уланууда

Нарын аэропортун реконструкциялоо иштери уланууда.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, учурда жүргүнчүлөрдү кабыл ала турган аэровокзалдын жаңы имараты курулуп жатат.

“Манас” эл аралык аэропортунун эсебинен 90 миллион сомго салынып жаткан курулуш апрель айында бүткөрүлөт.

Андан кийин аба майдандын учуп-конуу тилкеси оңдолуп, аба каттамдары ачылат.

Нарын аэропорту 1964-жылы ишке кирген, бирок 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган.