Бүгүн Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин шаардын Орозбаев, Алиев, Достук, Артыкбаев, Шерматов, Разаков, Советский, Бабкин, Пограничный көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.