Нарында өткөрмө кагаздар бериле баштайт

Нарында өткөрмө кагаздар бериле баштайт.

Бул тууралуу Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты

Уланбек Аалиев билдирди. Анын айтымында, өткөрмө кагаздарынын үч түрү бар.

Бир күндүк өткөрмө кагаз көк түстө. Эртең мененки саат алтыдан кечки сегиз жарымга

чейинкиси сары түстө, ал эми күнү-түнү жүрүүгө уруксат берилген документ

кызыл түстө болот. Ал медицина жана милиция кызматкерлерине берилет.

Белгилеп кетсек, кечээтен тартып 30-апрелге чейин Нарын шаары жана

Ат-Башы районуна өзгөчө абал режими киргизилди