Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 12 пост иштеп жатат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 12 пост иштеп жатат.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун айтымында,

Чаткалга кирип-чыгууга тыюу салынган. Облуста элдин кыймылын көзөмөлдөө үчүн

милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Эске салсак, буга чейин Чаткал районунда

медицина кызматкерлери жана калк ортосунда жаңжал чыккан. Буга жергиликтүү эл

коронавирус жуктургандарды аныктоо иш-чараларына каршы болгону себеп.