69 кыргызстандык Россияга киргизилген эмес

«Крокус сити холлдогу» теракттан кийин 69 кыргызстандык Россияга киргизилген эмес. Бул тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.

 

Анын айтымында, теракттан соң 23-марттан тарта Москвадагы аэропорттон бир катар кыргызстандык артка кайтарылды.

 

«Алар Москвага учуп барышкан бирок, аэропорттон ары чыга алган эмес. Алардын арасында буга чейин «кара тизмеге» киргендер бар. Ошондой эле Россияга биринчи жолу барып, эч кандай тизмеде жок болгондуктан, өлкөгө кире албай, Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болгон учурлар дагы бар. Белгилей кетсек, алар мыйзамдарына ылайык, сырткы көрүнүшү кандайдыр бир шектенүү же коркуу жараткан адамды өз өлкөсүнө киргизбей коюуга укугу бар. Бардыгы болуп 69 кыргызстандык Россияга кире албай калган».

 

Министрдин орун басары депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, айрымдары кайра учуп келүүгө кеткен чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөгөнүн, ал эми айрымдарына авиакомпаниялар жардам бергенин белгиледи.