Никедеги бактылуулук адамдын генетикасына байланыштуу

Никедеги бактылуулук адамдын генетикасына байланыштуу. Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар 71 үй-бүлөнү иликтөөгө алышкан. Түгөйлөр үйлөнгөн маалда алардан ДНК анализ алып, генетикасынын кайсы түргө кирерин аныкташкан.

 

Андан соң үч жыл бою ар бир төрт ай сайын сурамжылоо жүргүзүп турушкан. Генетикасы СС деп аталган түргө кирген адамдар түгөйүнө бекем ишенерин жана үй-бүлөдө бактылуу экенин айтышкан.

 

Ал эми генетикасы АС жана АА түрүнө киргендер үйдө уруш бат-баттан болуп, көйгөйлөр көп жараларын билдиришкен.