Кыргызстан боюнча 68 бала бакча карантинге жабык.
Бул тууралуу Novosti.kgге билим берүү министрлигинен билдиришти.
Жабылган мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин көбү Жалал-Абад,
Чүй, Ысык-Көл облустарына жана Бишкекке туура келет. Белгилеп кетсек,
республика боюнча 1 миң 648 бала бакча бар. Анын 213ү жеке менчик.