Жалпы республикалык тестирлөөнү өз учурунда тапшырууга мүмкүнчүлүгү жокторго кеч тестке катышуу мүмкүнчүлүгү берилет

Жалпы республикалык тестирлөөнү өз учурунда тапшырууга мүмкүнчүлүгү жокторго кеч тестке катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Майда тест өтөт деп атабыз, 23нөн 28ине чейин. Эгер ошол учурда абитуриент жүйөөлүү себептер менен тестке катыша албай калган болсо, анда ал июнь айында боло турган тестке катышса болот. Бирок себептер жүйөлүү болушу керек. Кеч тест бардык аймактарда өткөрүлбөйт. Бир гана Ош шаарында жана Бишкек шаарында, эки жерде гана

 

Белгилеп кетсек, жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28-майга чейин өтөт. Бүгүн ага катталуу аяктайт.