Кыргызстан мектептеринде жазгы каникулдар 22-мартта башталат. Окуучулардын эс алуусу 10 күнгө созулат. Каникулдардан кийин, тагыраак айтканда 1-апрелде өлкөнүн бардык мектептери салттуу режимге кайтып келет.
Бирок ал үчүн эпидемиологиялык абал туруктуу болушу керек.