Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандар реабилитациядан өтөт

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияда жабыркаган эки адам мындан ары Курортология институтунда реабилитациядан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Эске салсак, жарылууда жабыркаган эки адам үч айдан ашуун убакыт Түркиянын Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып, Бишкекке 9-майда кайтып келишкен.

 

Алардын учурдагы абалы туруктуу, бирок саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн реабилитациядан өтүп, кийинки операцияларга даярдануу зарылчылыгы бар, — деп айтылат маалыматта.