Ала-Букада 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды. Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык жай Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.
Имарат эки жылда курулган. Анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.