Бишкектеги Фрунзе – Тыныстанов көчөлөр кесилиши маалы менен жабылат.
“Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып
20-августка чейин тилкедеги жылуулук тармактарында калыбына келирүү иштери
жүргүзүлөт. Андан улам, унаалардын кыймылы маалы менен татаалданып,
чектөө киргизилет. Айдоочуларга каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.