Бишкектеги СИЗО-1 шаар сыртына көчүрүлөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул аракет коомдук тартипти сактоо максатын көздөйт.
Ордо калаадагы Пудовкин-Горький көчөсүндө жайгашкан №1 тергөө абагында сот чечими чыга элек кылмышка шектүүлөр отурат.
Эске салсак, буга чейин №47 колония толугу менен бузулган, анын ордуна ипотекага көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп жатат.