Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын 38 айылын таза суу менен камсыздоого каражат бөлөт

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстандын 38 айылын таза суу менен камсыздоого каражат бөлөт.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаевдин айтымында, жалпы сумма 100 миллион долларды түзөт.

Акчанын бир бөлүгү кредитке, бир бөлүгү гранттык негизде берилет.

Анын алкагында Баткен облусунун 35 айылында жана Ысык-Көлдүн үч калктуу конушунда ичүүчү суу пайда болот.

Долбоорду беш жылдын ичинде ишке ашыруу пландалууда.