Ордо калаада конуштарда көчө жарыгын орнотуу уланууда.
Кайыңды конушунда учурда 1 чакырымдан ашык аба чубалгылары тартылды.
33 көчө чырактары орнотулду. Мындан тышкары Учкун конушунда да 4 көчөдө
50 көчө чырагы пайда болуп, 1 чакырым электр линиялары өткөрүлдү.
Иштерди “Бишкек жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы жүргүзүп жатат.
Белгилеп кетсек, Чалбай, Ак-Бата жана Ак-Тилек конуштарында
жарыктандыруу жумуштары аягына чыкты.