Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 200 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 200 сомду түздү. Ушул жылдын үчүнчү кварталына карата маалыматты Улуттук статистика комитетинен жарыялашты. 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч 8 пайызга өстү.

 

Жакшы динамика өлкөнүн бардык аймактарында катталды. Эске салсак, Улуттук статистика комитети 3 ай сайын өлкөдөгү жашоо минимумун эсептеп чыгат. Бул суммага азык-түлүктүн топтому жана анын энергетикалык баалуулугу кирет.