Ордо калаада мектеп автобустары эмки жумада кое берилет.
Бул тууралуу ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, долбоор сыноо иретинде кое берилип, транспорт 5 мектепти камтыйт.
Алар №13, 29, 28, 69 жана 70-мектептер. Учурда тиешелүү органдар автобустардын жүрүү каттамы жана убактысы үстүндө иштеп жатат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, окуучулар үчүн автобустар бардык мектептерди камтыйт деп пландалууда.