Бишкектин ооруканаларында дезинфекция күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Мэриянын маалыматына ылайык, медициналык жайларды тазалоо үчүн адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыянсыз кошулма колдонулуп жатат.
Дезинфекция иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери тартылды. Кошумчаласам, мэриянын балансында 30 медициналык уюм бар.