Ордо калаада оңдоо иштеринен кийин Панфилов көчөсү кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, анын Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки тилкеси калыбына келтирилди.
Эми бүгүнтөн тарта Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе – Жибек Жолу бөлүгү кыймылга жабылат. Бул жерде асфальт катмары жаңыртылып, тротуар курулуп, ирригациялык система өткөрүлөт.