Бишкекте муниципалдык кызматтар штаттык режимде иштеп жатат

Бишкекте муниципалдык кызматтар штаттык режимде иштеп жатат.

Мэриядан билдиришкендей, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери түндөн тартып

демонстранттардан калган таштандыларды жыйнап тазалашууда. Жалпысынан

821 кызматкер жана 55 атайын техника ишке тартылды. Андан тышкары

ыктыярчылар да жыйноо иштерине жардам берип жатышат.