Ошто 1 үйгө 1 миң 300 адам каттоого турганы аныкталды

Ошто 1 үйгө 1 миң 300 адам каттоого турганы аныкталды.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары

Тилек Батырканов билдирди. Мекеме мыйзамда чектөө жок экенин,

үйдүн ээси макулдук берсе жарандар каалаган жерине каттоого тура аларын кабарлады.

Аталган факты кылмыш жана жоруктардын “Добуш сатып алуу” беренеси менен

бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.