Ордо калаанын коомдук транспортунда мектеп окуучулары үчүн жеңилдиктер каралбайт

Ордо калаанын коомдук транспортунда мектеп окуучулары үчүн жеңилдиктер каралбайт. Бул тууралуу novosti.kgге Бишкек шаардык кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан тарта бардык окуучулар автобус, троллейбустарда жана маршруттук таксилерде жаңы тариф менен жол кире төлөп баштайт.

 

Коомдук транспортто 7 жашка чейинки балдарга гана акысыз жүрүү каралат. Маршруттук таксилерде жүрүү акысы -15 сом, автобус, троллейбустарда – 11 сомду түзөт.