Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 кг. салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты.

 

Ал чейрек финалда канадалык Оливия Ди Баккону 7-1 эсебинде утуп алды. Жуманазарова 1/8 финалда түштүк кореялык балбан Минжи Ханы 8-0 эсеби менен уткан.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган, бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында байге алган.

 

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. Буга чейин эркин күрөш боюнча Кыргызстандын балбандары бир алтын, бир күмүш жана бир коло байгеге ээ болушту. Алтын байгени 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова багынтса, күмүш байгени 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев, коло медалды 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов алды.

 

Күрөштүн бул түрүнөн дагы бир кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда 76 килограмм салмакта коло байге үчүн күрөшөт.