Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, пункттар “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын бөлүмүндө жана эки Калкты тейлөө борборлорунда иштеп баштады.
Алар Чүй проспекти 96, Жаш Гвардия бульвары 4 жана Жибек Жолу 381 даректеринде жайгашат. Вакцина алууну каалоочулардын жанында паспорту болушу керек.