“Кара-Кеченин” көмүрү арзандайт

“Кара-Кеченин” көмүрү арзандайт. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов билдирди. Анын айтымында, жыл сайын суук түшкөндө эл жапырт кара отунду сатып ала баштагандыктан, суроо-талап өсөт.

 

Андан кийин баалар жана абал турукташат. Учурда көмүрдүн бир тоннасы 4 миң 500 сомдон болуп атса, бир аз убакыттан кийин 3 миң 800 – 4 миң сомго түшөт. Жакыпов ишендиргендей, өлкөдө көмүр жетиштүү көлөмдө, кара отундун тартыштыгы жаралбайт.